Кирүү коддор
Коргоо коду телефонуңузду уруксатсыз
пайдалануудан сактап калат. Сиз телефондун кодун
жаратып, аны өзгөртүп жана телефонду код талап
кылууга тууралап койсоңуз болот. Кодду
телефонуңуздан айрым, тыңгылыктуу жерде
жашыруун тутуңуз. Эгерде сиз кодуңузду унутуп калып
телефонуңуз бекилип калса, анын тейлөөсүнө
байланыштуу кошумча чыгаша пайда болушу мүмкүн.
Көбүрөөк маалымат үчүн Nokia Сare жайына же
телефон сатуучусуна кайрылыңыз.
SIM картаны аны менен кошо берилген PIN коду
уруксатсыз пайдалануудан сактайт. SIM карта менен
кошо берилген PIN2 коду кээ бир кызматтарды керекке
алганга жол берет. Эгер сиз PIN же PIN2 коддорун
киргизүү аракетинде үч жолу катар менен
жаңылышсаңыз, сизден PUK же PUK2 коддордун
киргизүүңүз суранылат. Эгерде алар колуңузда жок
болсо, аны өзүңүздүн кызмат тейлөөчүңүздөн
сурасаңыз болот.
PIN модулю сиздин SIM картаңыздын коргоо
модулюндагы маалыматты билүүгө пайдаланат. Кол
коюлчу PIN дин санарип кол коюу түзүүдө кереги тийип
калат. Чектөө шартсөзү чалууну чектөө кызматын
колдонгондо талап кылынат.
10
Жалпы маалымат
Телефонуңуз иштегенде кирүүчү коддор жана коргоо
орнотуулары кандайча пайдаланып тураарын билүүгө
Меню
>
Орнотуулар
>
Коопсуздук
тандаңыз.